Ала-Бел ашуусунда кар күрткүсү жана 15 см бийиктикте топтолгон кардан улам жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.
Токтогул районундагы "Арал" постунда Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга коюлган убактылуу чектөө алынды. Чектөө музга байланыштуу кырсыктарды жана тыгындарды алдын алуу максатында киргизилген.
Чүй районунун Беловодское айылында быйыл түшүмдүүлүгү бир топ жогорулаган кант кызылчасын кабыл алуу кызуу жүрүп жатат. Дыйкандар түшүмдүн 65% тапшырып, рекорддук көрсөткүчтү 140 миң тоннага жеткиришти, бул былтыркы көрсөткүчтөн ашат. Ар кайсы райондордон келген автомашина-лар кун сайын узун кезектерди тузуп, кызылчаны кабыл алуу процесси 20 минутага жакын убакытты талап кылгандай уюштурулган. Ноябрь айынын аягына чейин оруп-жыйноо кампаниясы аяктап, заводдор 120 миң тонна кумшекер өндүрүп, акыркы 40 жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жетиши күтүлүүдө.
Бишкекте жүк ташуучу унаалардын кышкы жолдордо жайкы дөңгөлөктөрү менен жүрүүдө көйгөй жаралууда. Бул ашууларда тыгындарды жаратып, жол кыймылын кыйындатат. Тоолуу аймактарда чектөөлөр киргизилип, тыгылып калган унааларды тазалоо жана эвакуациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы айдоочуларды коопсуз айдоо үчүн кышкы дөңгөлөктөрдү колдонууга чакырат.
Бишкекте жааган кардан улам Өтмөк ашуусунда Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 60-чакырымында жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө жол кырсыктарын жана тыгындарды алдын алуу максатында убактылуу чектөө киргизилди.
Нарын облусундагы айыл өкмөтү үчүн кошумча жабдуулар сатылып алынган мамлектке 4 миллион 930 миң сом зыян келтирилген. Прокуратура мыйзам бузуу фактыларын аныктап, кылмыш ишин козгода.