Кыргызстанда эт, сут, жумуртка жана жун ендуруу кебейду. 2024-жылы 366,9 миң тонна эт, 1577,6 миң тонна сүт, 679686 миң даана жумуртка жана 13157,4 тонна жүн өндүрүлгөн, бул малдын санынын өсүшүнө жана алардын продуктуулугунун жогорулашына байланыштуу.
Министрдин орун басары М.Дүйшеев башында турган КР Суу чарба министрлигинин делегациясы Бремен шаарындагы «Интертек» лабораториясында болуп, тамак-аш азыктарын талдоо боюнча кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле Берлинде Textima GmbH компаниясы менен жолугушуу болуп, анда жүндү кайра иштетүүчү жабдууларды жеткирүү жана экспорттук каржылоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Бишкекте “Кыргызиндустриянын” базасында аймактардагы кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө салым кошо турган көрсөтмө борбор ачылды. Борбор ишкерлерге жана жергиликтүү бийлик органдарына жүндү кайра иштетүү сыяктуу кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү түзүү боюнча практикалык сунуштарды берет. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө жана инвестиция тартууга көмөктөшүүчү чакан ишканаларды ар бир райондо түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Бишкекте кыргыз-кытай расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусунда соода жүгүртүүнү көбөйтүү, бажы объектилерин бүтүрүү, чек арадагы инфраструктураны жакшыртуу маселелери талкууланды. 2023-жылы эки тараптуу соода 20 миллиард долларга жетти жана жаңы экспорттук макулдашуулар жана транспорттук түйүндөрдү модернизациялоо пландаштырылууда.
2024-жылдын 1-сентябрына карата Кыргызстанда эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүү көбөйдү. Айыл чарба малынын санын көбөйтүүнүн жана анын продуктуулугун жогорулатуунун эсебинен эт 2,1%, сүт 2,5%, жумуртка 10,4%, жүн 1,8% өстү.