Тег жүрөк-кан

Кыргызстанда аялдардын ден соолугуна арналган бир айлык өттү

Кыргызстанда “Аялдардын ден соолугу!” айлыгы аяктап, анда 700 миңден ашуун аял профилактикалык текшерүүдөн өттү. Жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети жана рак оорусунун жогорку коркунучтары аныкталган. Кампания эрте диагноз коюу жана ден соолукту чыңдоо, өзгөчө айыл жергесинде аялдар медициналык кароодон өтүүгө кайдыгер мамиле жасоого багытталган. Долбоор өлкөнүн бир катар аймактарында сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында ишке ашырылууда.

Кыргызстанда “Аялдардын ден соолугунун” республикалык айлыгы башталды

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта аялдардын жугуштуу эмес оорулар боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган “Аялдардын ден соолугу” айлыгы башталат. Швейцариялык долбоор тарабынан колдоого алынган демилгенин алкагында 18 жаштан жогорку аялдар акысыз текшерүүдөн өтүп, оорулардын, анын ичинде кант диабети жана гипертония оорусунун алдын алуу боюнча кеңеш ала алышат. Иш-чара ооруларды эрте аныктоого багытталган, бул оорунун татаалдануу жана өлүм коркунучун азайтууга жардам берет.