Тег жүргүнчү поезди

Бишкек-Москва жүргүнчү поезди кышында кайра жанданат

2024-жылдын 18-декабрынан тарта Бишкек-Москва жүргүнчү поезди жумасына эки жолу каттай баштайт. Мындай чечим КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын жыйынында кабыл алынды. Эскерте кетсек, буга чейин каттам Самарага чейин кыскарып келген. Ошондой эле 2025-жылы Казан жана Новосибирск менен байланыш уланат. Билеттердин сатылуусу боюнча маалымат андан кийин берилет.

Бишкек менен Москванын ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташуу 2025-жылы жанданат

Ковид-19дан улам токтоп калган Бишкек-Москва эл аралык жүргүнчү поездинин каттамы 2025-жылга пландалган. Поезддердин графигине Москва темир жол түйүнүнүн реконструкциясы да таасирин тийгизди.