
Кадамжай районунда 75 миллион сомго жаңы мектеп курулду
Кадамжай районунда 75 миллион сомго жаңы мектеп курулду. Кара-Добо айылында орун алган мектептин жалпы аянты 1 546 чарчы метрди түзөт жана 225 окуучуга ылайыкталган класстар, өткөөл галерея жана спорт залын камтыйт. Эски мектеп 1964-жылы курулган.








