Бишкекте троллейбустук каттамдын ордуна No8 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирди. No 146 жана 104-маршруттук каттамдардын акыркы аялдамалары да өзгөртүлдү, эми алар автобекетке барышат. No40 маршруттук каттам Чүй проспектиси менен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин уланат.
Бишкекке Түркиядан кондиционер жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жеткиликтүү механизмдер менен жабдылган 35 жаңы автобус келет. Алар экспресс каттамдарды, анын ичинде “Манас” аэропортуна чейин каттайт. Учурда борбордо 1376 автобус жана 108 троллейбус каттайт. Мэрия коомдук транспортту жакшыртуу үчүн мындан аркы сатып алууларды пландаштырууда.
Бишкекте коомдук транспорттордогу коопсуздук маселеси талкууланды. Шаар мэри Айбек Жунушалиев жаңы автобустар менен кырсыктар көбөйгөндөн кийин айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырды. Оңой эреже бузган 30 айдоочу жумуштан бошотулуп, машыгуу үчүн тренажерлор орнотулду.