Испанияда сел: кыргызстандыктар жабыркаган жок, деп билдирди Тышкы иштер министрлиги
Испанияда өлкөнүн түштүгүндө жана чыгышында катуу суу ташкыны болуп, 60тан ашуун адамдын өмүрүн алды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин тастыктады. Франциядагы элчилик жардам үчүн шашылыш номерлерди берип, Испанияда жайгашкан жарандар менен активдүү байланышта.