Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы айдоочуларга суук мезгилде жайкы дөңгөлөктөрдү колдонбоону катуу сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы айдоочуларга кышкысын жайкы дөңгөлөктөрдү колдонбоону катуу сунуштайт, анткени бул жолдордо кооптуу жагдайларды жаратып, бардык катышуучулар үчүн унаа башкарууну кыйындатат. Алыскы аймактарга барар алдында унаалардын техникалык абалына өзгөчө көңүл буруу керек.