Куткаруучулар Жумгалда мал жайып жүрүп жоголгон эки чабанды издөө иштерин улантышууда.
Нарын облусунун Жумгал районунда 16-октябрь күнү дайынсыз жоголгон эки тургунду издөө иштери уланууда. Издөө иштерине куткаруучулар, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылып, азырынча жыйынтык жок.