
Кыргызстандык балбандар Грецияда өтө турган U-17 дүйнө чемпионатына катышат
Кыргызстандын кадеттер курамы Грецияда өтө турган спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Мелдеш 28-июлдан 3-августка чейин өтүп, кыргызстандык спортчулар греко-рим, аялдар жана эркин күрөш боюнча күч сынашат.








