Кыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн аймактагы кырдаалды курчута турган аракеттерден алыс болууга үндөйт.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, тараптарды эл аралык мыйзамдарды сактоого жана согуштук аракеттерди токтотууга чакырат. Өлкө жарандарына Израилге, Иранга жана Ливанга баруудан баш тартуу, ал эми аймактагылар коопсуздук чараларын сактоо жана бийликтин көрсөтмөлөрүн аткаруу сунушталат.