Кыргызстанда корпоративдик пенсиялык фонддор иштей баштады
Кыргызстанда Корпоративдик пенсиялык фонддор жөнүндө жобо бекитилди, ал аларды түзүүнү жана ишин жөнгө салат. Фонддор иш берүүчүлөр менен фонддордун ортосундагы келишимдердин негизинде эмгек жамааттарына ыктыярдуу негизде кошумча пенсиялык пособиелерди берет. Токтом жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.