Бишкекке кондиционерленген автобустардын жаңы партиясы келет
Бишкекке Түркиядан кондиционер жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жеткиликтүү механизмдер менен жабдылган 35 жаңы автобус келет. Алар экспресс каттамдарды, анын ичинде “Манас” аэропортуна чейин каттайт. Учурда борбордо 1376 автобус жана 108 троллейбус каттайт. Мэрия коомдук транспортту жакшыртуу үчүн мындан аркы сатып алууларды пландаштырууда.