Кыргызстандын түштүгүндө аткезчилик каналы токтотулду
Жалал-Абад облусунда аткезчилик каналы токтотулду. Өзбекстанга 34 баш жылкыны мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалды. Кармалган малдар конфискацияланып, мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн Чек ара кызматына өткөрүлүп берилет.