Тег жарандарды колдоо

Эмгек министрлиги жыл башынан бери 92 миңден ашык жаранга жардам көрсөттү

Кыргызстанда 2024-жылдын 10 айында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 92 миңден ашык жаранды убактылуу жумушка орноштурган, алардын айлык акысына 23,5 миллион сом бөлүнгөн. 12 миң үй-бүлөнү колдоо менен 467 долбоор, ошондой эле калктын аялуу топтору үчүн 157 өзгөчө кырдаалдар долбоору ишке ашырылган. Инфраструктуралык иштерге, жашылдандырууга жана аялдарды кол өнөрчүлүккө үйрөтүүгө басым жасалууда.

Борбор калаада Социалдык коргоо кызматкерлеринин жана профсоюздарынын күнүнө карата майрамдык салтанат

Бишкекте Социалдык коргоо кызматкерлеринин жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанат болуп өттү. Район жетекчилери жардамга муктаж жарандарды колдоого кошкон салымы үчүн мыкты кызматкерлерди сыйлоо менен адистердин ишинин маанилүүлүгүн белгилешти.