Дайынсыз жоголгон кыргызстандык аял учуп кетүүнү пландап, бирок уча албай калганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргызстандын Дубайдагы Башкы консулдугу, жакындарынын айтымында, аэропортто дайынсыз жоголгон А.Б.ны издөө иштери кызуу жүрүп жатат. Консулдуктун кызматкерлери ал жакка барышкан, бирок таба алышкан эмес. Иммиграция органдары анын БАЭден чыкпаганын тастыкташты. Консулдук аны табуу үчүн жергиликтүү бийлик жана туугандары менен кызматташууну улантууда.