Тег жарандык арыздар

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Армения жана Абхазиядан мыйзам бузуу менен алынып келинген автоунаалар менен бажы органдарынын иштөөсүнө байланыштуу жарандардын кайрылууларын белгиледи.

Депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеңештин жыйынында Армения менен Абхазиядан мыйзам бузуу менен алынып келинген унааларга карата бажы чаралары боюнча маселени көтөрдү. Ал импорттоодон кийин бир нече ээси алмашкан унааларды туура эмес тариздөө жана каттоодон өткөрүү үчүн бажы кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга чакырды. Спикер Нурланбек Шакиев демилгени колдоп, маселени тиешелүү комитет кароо зарылдыгын белгиледи.