Тег жарандык сектор

Бишкекте Борбор Азия аялдарынын форуму өтөт

3-4-октябрда Бишкекте Борбор Азия аялдарынын форуму өтөт, анын максаты аялдардын активдүү катышуусу менен аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө. Катышуучулар аялдардын тынчтык орнотуу процесстерине кошкон салымын талкуулашат жана туруктуу өнүгүүнүн негизи боло турган климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого алардын катышуусу боюнча сунуштарды иштеп чыгышат.