Тег жардыруу

Кыргызстанда өзүн-өзү жардыруу аркылуу теракт жасоону пландаган МТО мүчөсү кармалды.

Бишкекте эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Ал апрелде чет өлкөдө «Ислам мамлекети» тарабынан жалданып, Кыргызстанда теракт жасоо үчүн келген. Кармалган жаран интернетте теракт боюнча көрсөтмөлөрдү үйрөнүп, социалдык тармактарда уюмдун символикасын жайылткан.

Каныш-Кыя – Кара-Буура автожолунун курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 16 чакырымдык Каныш-Кыя – Кара-Буура унаа жолунун курулушу башталды. Долбоор Чаткалдын туризм потенциалын жогорулатууга жана региондор аралык байланышты жакшыртууга багытталган.

Балыкчы – Кочкор автожолунун айрым бөлүктөрү убактылуу жабылат

1-сентябрга чейин Балыкчы — Кочкор автожолунун 39-42-чакырымдары, Кубакы ашуусуна бурулушка чейин, мезгил-мезгили менен жабылат. Жолдун жабылышы жаңы темир жолдун курулушундагы жардыруу иштерине байланыштуу. Дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жол 24 саатка жабылат. Башка күндөрү жол ачык болот. Бул чечим темир жол курулушун тездетүү максатында кабыл алынган.

Камбар-Ата-1 ГЭСинде туннелдин курулушу аяктады

30-август, энергетика министри Таалайбек Ибраев Камбар-Атинская ГЭС-1деги ТТ-1 туннели Отушу боюнча иш-чарага катышты. Тоннелдин узундугу 1387,17 метр тузот, анын 1262 метр Советине Союздун учу-рунда казыган. Курулуш истерине 56 жумушчу тартылган. ГЭС-1ге жетилүүчү жабылды.