Кыргызстанда дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жарнамалоонун жаңы тартиби түзүлдү
Кыргызстандын министрлер кабинети дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жарнамалоонун, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана саламаттыкты сактоо тармагында маалыматты жайгаштырууну жөнгө салуу тартибин бекитти. Документ жарнак материалдарына талаптарды жана аларды берүү шарттарын аныктайт. Токтом жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.