Тег жашап

Орусияда миграциялык саясаттын жаңы эрежелери 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет

2025-жылдын 1-январынан тарта Орусияда чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет, алар уруксатсыз жүрүү мөөнөтүн жылына 90 күнгө чейин чектейт. 2025-жылдын 5-февралынан тартып өлкөдөн чыгууга мыйзамдуу негиздери жок адамдар үчүн чыгаруу режими киргизилет. Тартип бузгандар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, депортацияланышы мүмкүн. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын өзгөртүүлөр менен таанышып, алардын укуктук абалын жөнгө салууга чакырат.