
Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу 14 миллиарддан 20 миллиард кВтка өстү
Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу 2014-жылы 14 миллиард киловатттан 2025-жылы 20 миллиард киловаттка жетти. Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин билдирүүсүнө ылайык, жаңы абоненттердин саны 30-33 миңге жеткен. Экономиканын өсүшү, жаңы жолдордун, заводдордун жана соода борборлорунун курулушу электр энергиясына болгон талапты арттырган.








