Тег #жашоошарты

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жөө жүрүш башталды (фото)

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын катышуусунда “Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн!” жөө жүрүш башталды. Иш-чара стереотиптерди азайтуу жана инклюзияны жайылтуу максатын көздөйт. Эмгек министринин орун басары бул категориядагы жарандарды колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, паралимпиадачылардын ийгиликтерине мисалдарды келтирди. Жөө жүрүштү «Теңдик» майыптар биримдиги ар кандай мамлекеттик жана коомдук уюмдардын колдоосу менен уюштурган.