Тег жаштарды

Кыргызстан 2030-жылга чейин “Эл дөөлөтү-Эмгек” улуттук программасын бекитүүгө ниеттенүүдө.

Кыргызстандын Эмгек министрлиги жумушсуздукту кыскартууга жана калкты иш менен камсыз кылуу системасын өнүктүрүүгө багытталган 2030-жылга чейин “Эл дөөлөтү-Эмгек” улуттук программасын даярдоодо. Программада жаңы жумуш орундарын түзүү, калктын аялуу катмарын колдоо, кесиптик билим берүүнү модернизациялоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу каралган. Максаты – бардык жарандар үчүн натыйжалуу иш менен камсыз кылуу жана татыктуу эмгек шарттарын түзүү.

Токон Мамытов: Апас Жумагуловдун өмүр жолу жаштардын негизи

Бишкекте Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган конференция өтүүдө. Катышуучулар анын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы, жаштарды патриоттукка тарбиялоо жана элдик баатырларды эскерүүнүн маанисин талкуулашууда. Жумагулов үч жолу премьер-министрлик кызматты аркалаган Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коопсуздугуна чоң салым кошкон.