Тег жаштарга

Кыргызстанда ЖОЖдордо коррупцияга каршы семинарлар башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында студенттердин коррупциянын зыяны жана анын алдын алуу ыкмалары тууралуу түшүнүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган коррупцияга каршы семинарлар башталды. Жаратылыш ресурстары министрлиги коррупция менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн жаштар арасында түшүндүрүү жана коомдо мыйзамдуулукту бекемдөө максатында өз тажрыйбасы жана сунуштары менен бөлүшөт.

Эрфуртта «Кыргыз кызы» скульптурасы пайда болду

Эрфурт шаарында кыргыз жаштарынын билимге болгон умтулуусун билдирген “Кыргыз кызы” скульптурасынын ачылышы менен “Чет элдик жаштарды тосуп алуу күнү” өттү. Иш-чарага Тюринг өкмөтүнүн, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана студенттер чогулуп, квалификациялуу кадрларды даярдоодо кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. «Советтик Кыргызстандын кызы» деген картинадан шыктанган скульптура жацы мумкунчулуктердун жана аялдардын коомдогу активдуу ролунун символу болуп калды.