Самарканд мамлекеттик университетинде жашыл энергетиканын туруктуу өнүгүүсүнө жана жогорку билим берүүнүн ааламдашуусуна арналган окумуштуулардын эл аралык форуму өттү. Катышуучулар климаттын өзгөрүшү, кургакчылык жана аймактын социалдык-экономикалык трансформациясынын көйгөйлөрүн талкуулап, аларды чечүү үчүн илимий изилдөөлөргө жана заманбап технологияларга басым жасашты. Форум Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.
Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Японияга иш сапары менен барып, Япониянын экономика министри Кен Сайто менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Келишим жашыл энергетика, анын ичинде кайра жаралуучу булактар жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы лизинг жана жашыл долбоорлорду каржылоо үчүн Элдик банкка 200 миллион сом бөлүүдө. Программа туруктуу өнүгүүнү жана аялдардын ишкердигин колдоо үчүн төмөн пайыздык насыяларды сунуштайт.
КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен “Элдик банк” кызматташуу келишимине кол коюшуп, анын алкагында 200 млн сом бөлөт. Каражат лизингди каржылоого жана экономикалык өсүшкө, жумуш орундарын түзүүгө жана экологияны жакшыртууга жардам берген жашыл долбоорлорду колдоого жумшалат.
Инвестиция Тартуу Үчүн BIF 2024 форуму катышуу мүмүкүнчүлүгү пайда болду. 24-октябрь отучу форумда 100 мыкты долбоор сунушталат. Катышуучулар їчїн финанстык колдоо, бизнес байланыштарын кенейтїї жана долбоорлорун таанытуу мумкунчїлїгї берилет. Ар бир ишкер анкета толтуруп, документтердин берилиши керек. Арыз кабыл алуу 15-сентябрь чеин.