Тег жазалар

Бишкекте жеке унааларды колдонууга тыюу салуу боюнча мэрдин тапшырмасын бузган кызматкерлер жазаланды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев экологияны жакшыртуу жана жол тыгындарын азайтуу максатында муниципалдык кызматкерлер коомдук транспортту жумасына эки жолу колдонуу демилгесин көтөрдү. Май айынын башынан бери 64 тартип бузуучу аныкталып, тартиптик чаралар көрүлгөн.