
Кыргызстан командасы мас-рестлинг боюнча Европанын чемпионатында I орунду алды
Кыргызстандын мас-рестлинг боюнча командасы Словакиянын Банска-Бистрица шаарында өткөн Европа чемпионатында 1-орунду ээлеп, чоң жеңишке жетти. Жеке категорияларда Азиз Асанов, Бекмырза Токтошев, Бакыт Роман уулу жана Элза Абдыкадырова сыяктуу спортчулар алтын медаль утушту. Элдана Болотбекова абсолюттук чемпион болуп, финалда дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Яна Вашкованы жеңди.








