Тег Жеңиштин 80 жылдыгы

Нурланбек Шакиев КМШ ПАА Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү

Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин жыйынында парламенттер аралык кызматташуу жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө маселелери талкууланды. Советтин председателдигине Валентина Матвиенко шайланды. Пленардык жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сөз сүйлөйт.

Москвада КМШ өлкөлөрүнүн Коргоо министрлер кеңешинин жаңы жыйыны өттү

Москвада КМШ өлкөлөрүнүн Коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өтүп, анда көп тараптуу аскердик кызматташуу жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына даярдыктар талкууланды. Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Россиядан “Достук” ордени менен сыйланды.

Евразия мейкиндиги: КМШдагы тынчтык, ынтымак жана өнүгүү

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Москвадагы саммитте экономикалык байланыштарды чыңдоо жолдорун, анын ичинде өз ара сооданы көбөйтүү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Улуттук валюталарды колдонуунун жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Эмгек миграциясы жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына даярдык көрүү маселелери талкууланды.