Тег жеке маалыматтарды коргоо

Кубанычбек Самаков КМШ мамлекеттеринин моделдик мыйзам актыларын Кыргызстанда колдонуу боюнча баяндама жасады

Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын Туруктуу комиссиясынын отуруму болуп, анда экономика жана каржы жаатындагы моделдик мыйзамдар талкууланды. Депутат Кубанычбек Самаков КМШнын типтүү актыларын Кыргызстанда колдонуу, анын ичинде салык мыйзамдары жана монополияга каршы чаралар тууралуу айтып, алардын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү жана жарандардын жашоосун жакшыртуудагы ролун баса белгиледи.

Жыл башынан бери Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке 160тан ашык кайрылуу келип түшкөн

2024-жылдын башынан бери Кыргызстандын Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигине жарандардан 160тан ашык кайрылуу келип түшкөн, бул былтыркы көрсөткүчтөн бир топ жогору. Негизги маселелер интернетте жана социалдык тармактарда жеке маалыматтардын чыгып кетишине байланыштуу. Телефондук алдамчылык менен күрөшүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, балдардын маалыматтарын коргоо боюнча да иштер жүрүп жатат.