Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды
30-октябрда Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Чарбак айылынан 5 чакырым түштүк тарапта болуп, ага жакын жайгашкан калктуу конуштарда да сезилди.