Тег жергиликтүү бюджет

Сокулук районундагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунда 2000-жылдан бери укук белгилөөчү документтери жок пайдаланып келген 80 гектардан ашык жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. «Мижас» дыйкан чарбасынын председатели менчик укугун таанып, наркы дээрлик 258 миллион сомду түзгөн участокту өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо иштерин улантууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү талкуулашты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар социалдык-экономикалык маанилүү маселелерди, анын ичинде электрондук байланышка өтүү, жолдорду оңдоо, жаштарга колдоо көрсөтүү жана мектептердеги шарттарды жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Онлайн-насыя, чет өлкөдө жумушка орношуу жана мамлекеттик органдарда кезек күтүү темалары көтөрүлдү.

Министрлер кабинети мектептерде тамактанууну уюштуруунун жаңы эрежелерин бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети окуучулар үчүн ден соолук жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган мектептерде тамактанууну уюштуруунун жаңы жобосун бекитти. Жергиликтүү бийлик органдарына мектеп окуучуларынын, өзгөчө турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын тамак-ашын жакшыртууга каражат бөлүү сунушталды. Ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин тамак-аш кайра иштетүү тармагынын жумушчуларын аттестациялоо жана квалификациясын жогорулатуу пландаштырылууда.