Ташиев депутаттыкка талапкерлердин жана алардын жакындарынын кылмыш жана коррупцияга байланышы бар-жогун текшерүүнү талап кылууда
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин кылмыштуулукка жана коррупцияга байланышы боюнча тыкыр текшерүүнү тапшырды. Ал депутаттык корпустун тазалыгын камсыз кылуу үчүн таза башкаруунун жана шайлоонун көз карандысыздыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. Шайлоо 17-ноябрда өтөт.