Тег жергиликтүү кеңештерге

Министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү

Бишкекте 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Уюштуруу-техникалык маселелер, жарандардын укуктарын камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо маселелери талкууланды. 2443 шайлоо участогун көзөмөлдөө үчүн шайлоого 15 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылат.

Алыстан добуш берүүгө арыз берүүнүн мөөнөтү узартылды

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу 2024-жылдын 6-ноябрына чейин узартылды. Жарандар арыздарын tizme.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле калкты тейлөө борборлорунда жана ЖОЖдордо жайгашкан пункттарга тапшырууга чакырылат. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жарандарды узартылган мөөнөттөн пайдаланып калууга чакырып, добуш берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу жигердүү билдирүүдө.