Бишкекте троллейбустук каттамдын ордуна No8 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирди. No 146 жана 104-маршруттук каттамдардын акыркы аялдамалары да өзгөртүлдү, эми алар автобекетке барышат. No40 маршруттук каттам Чүй проспектиси менен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин уланат.
Бишкектин Жибек Жолу проспектисин реконструкциялоо, анын ичинде жолдорду капиталдык оңдоо, асфальтты жаңылоо жана бордюрларды алмаштыруу иштери аяктады. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду жана аялдамаларды көрктөндүрүү жана оңдоо иштери уланууда.
Бишкекте 4-октябрда Жибек Жолу проспектисинин түндүк тарабы Абдрахманов көчөсүнөн Осмонкула көчөсүнө чейин ачылса, бул аймактагы түштүк тарабы жабылат.
Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. 13-сентябрдан 16-сентябрга чейин Жибек-Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилиши жабылат. Оңдоо иштери Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки аймакка тиешелүү.