Оштогу электр тармактар ишканасы жылытуу мезгилине дээрлик толук даяр
Ош областында электр тармактарынын инфраструктурасын модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер аяктады: жацы линиялар орнотулду, километр зымдар реконструкцияланды, трансформаторлор жана подстанциялар ремонттолду. Жаңы объектилердин курулушу жүрүп жатат, анын ичинде Кара-Кулжа бөлүштүрүүчү зонанын жана «Бүлөлү» көмөкчордонунун имараты. Ош ТЭЦи азыр 362 миңден ашык керектөөчүлөрдү тейлейт.