Аба ырайынын ыңгайсыздыгына байланыштуу Бишкек-Жалал-Абад авиакаттамы токтотулуп, Ош аэропортуна багытталды. Кыргызстанда 15-17-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Бишкектин мэриясы Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик желектин айрылганы тууралуу кептерди четке какты. Мэрдин орун басары менен “Тазалык” ишканасынын директору желектин иреттүү экенин тастыкташты. Муниципалитет такталбаган маалыматтарды таратууда этият болууга чакырат.