Тег жол эрежесин бузуу

Бишкекте бир жумада мас абалында 50 айдоочу кармалды

Бишкек шаарында 11-ноябрдан 17-ноябрга чейинки бир жума ичинде 7017 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы катталды, анын ичинен 50 факты мас абалында унаа башкаруу, 4459у жол белгилеринин талаптарын бузуу. Патрулдук милиция айдоочуларды жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугу үчүн эрежелерди сактоого чакырат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын ишеним телефонуна жол эрежесин бузуу боюнча 18,4 миңден ашык кайрылуу түшкөн.

Бишкекте жарандардын арыз-даттануулары үчүн WhatsApp номери ишке киргенден бери жол эрежесин бузуу боюнча 18 миңден ашык билдирүү келип түшкөн. Негизги даттануулар туура эмес жерлерге унааларды токтотууга жана каршы тарапка айдап чыгууга байланыштуу. Бул курал жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга жардам берип, Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы менен калктын байланышын чыңдайт.