Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн жыйында кемчиликтерди жоюуга басым жасап, жарандарга активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгын айтып, жол коопсуздугун камсыздоо чараларын талкуулады. Ал жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн жергиликтүү бийлик менен билим берүү мекемелерин биргелешип аракеттенүүгө чакырды.
Бишкекте жарандардын арыз-даттануулары үчүн WhatsApp номери ишке киргенден бери жол эрежесин бузуу боюнча 18 миңден ашык билдирүү келип түшкөн. Негизги даттануулар туура эмес жерлерге унааларды токтотууга жана каршы тарапка айдап чыгууга байланыштуу. Бул курал жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга жардам берип, Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы менен калктын байланышын чыңдайт.
11-август, Балыкчы, Тоң району - Бөкөнбаев Жолунда катуу жааган жамгырдан улам селдик агым пая болду. Окуя болгон жерге оперативдик топ зөнөтүп, учурда кырдаалды баалоо иштери үзгүлтүксүз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумчалагандай, кошумча маалымат киинчерээк берилет.