
Ошто оңдоп-түзөөдөн кийин дагы бир көчө ачылды
Ош шаарында Кокум-Бий көчөсү оңдолуп, пайдаланууга берилди. Жаңы асфальт төшөлүп, жолдун сапаты жакшыртылды. Оңдолгон участоктун узундугу 3,5 километрден ашат. Бул иш-чара транспорттук инфраструктураны жакшыртуунун алкагында өткөрүлдү.








