Тег жолугушуу

Москвада КМШ өлкөлөрүнүн транспорт министрлеринин жыйыны өттү

Кыргызстандын транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Москвада КМШ мамлекеттеринин транспорт министрлеринин жыйынына катышып, анда транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды. Иш-чара транспорт жумалыгынын алкагында өтүп, ага бир нече өлкөнүн министрлери катышты.

Ошто Сычуань провинциясы менен курулуш жаатында кызматташуу талкууланды

Ош шаарында шаар мэри Бакытбек Жетигенов Сычуань аймагындагы курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана заманбап технологияларды колдонуу менен жаңы конуштарды куруу боюнча кызматташууну талкуулады. Компаниялар аймакты өнүктүрүүгө инвестиция салууга даяр экендиктерин билдиришти. байланыштарды мындан ары чыцдоо женунде макулдашууга жетишилди.

“Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары менен Катар элчисинин жолугушуусу

Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов менен Катар мамлекетинин элчиси Али Жабир Аль-Марринин жолугушуусу болуп, анда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Тараптар тарыхый байланыштарды жана ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде инвестиция, инфраструктура, туризм жана билим берүү тармагында өнүгүү потенциалын белгилешти. мамилелерди чыңдоо боюнча үзгүлтүксүз консультациялар жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Омар Султанов БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары менен жолугушту

Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушуп, алдыдагы иш сапары жана БУУ менен адам укуктары жаатындагы учурдагы кызматташууну талкуулады. Султанов өлкөнүн эл аралык органдар менен ачык диалогго жана өз ара аракеттенүүгө умтулуусун баса белгиледи.

Тышкы иштер министринин орун басары USAIDдин Кыргызстандагы директору Сара Верт менен жолугушту

Бишкекте Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев USAIDдин Кыргызстандагы жаңы директору Сара Верт менен жолугушту. Алар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн экология, айыл чарба жана билим берүү тармактарында өнөктөштүктү бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду улантуу маселелерин талкуулашты.

“Бишкекте Кыргызстан менен Чехиянын кызматташтыгы талкууланды”

Бишкекте Экономика министринин орун басары Искендер Асыкулова Чехиянын элчиси Павел Шепелак менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жана аны мындан ары бекемдөө маселелери талкууланды. Тараптар конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн жана достуктун жана өз ара урматтоонун негизинде экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгилешти.

Илхам Алиев Кыргызстанга иш сапары менен келди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 6-ноябрда Бишкекте өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Иш-чарага уюмга мүчө беш өлкөнүн лидерлери жана байкоочу өлкөлөрдүн башчылары катышат.

Президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын Бишкекте расмий жолугушуусу.

Бишкекте Кыргызстандын президенттери Садыр Жапаров менен Түркиянын президенттери Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуусу болду. Салтанатта аскердик парад, желектер көтөрүлүп, эки өлкөнүн достук мамилеси баса белгиленди.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуусу Бишкекте өтөт

Бүгүн, 5-ноябрда саат 11:00дө Ынтымак-Ордодо Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуусу болот. Иш-чара МТРК каналында жана социалдык тармактарда түз эфирде көрсөтүлөт.