Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Генпрокурор Максат Асаналиев Чүй облусунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салды. Прокуратуранын негизги максаты - мамлекеттик укуктук системаны бекемдөө, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу жана жарандардын бийлик институттарына ишенимин жогорулатуу. Кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу, социалдык колдоо жана заманбап иш мейкиндигин түзүүгө көңүл бурулат. 2025-жылы республика боюнча прокуратура органдары үчүн 24 жаңы объекттин курулушу жүрүп жатат, анын ичинде административдик имараттар, кызматтык батирлер жана башка социалдык маанилүү объекттер бар.