Тег жугуштуу оорулар

Алымкадыр Бейшеналиев Азербайжандагы UTC саламаттыкты сактоо министрлеринин 4-жыйынына катышууда

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Азербайжанда өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин саламаттыкты сактоо министрлеринин 4-жыйынына катышууда. Ал саламаттыкты сактоо, анын ичинде санариптештирүү, медициналык туризм жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө медициналык тейлөөнү жакшыртууга жана өлкөлөр ортосундагы трансплантацияларды координациялоого багытталган келишимдерге кол коюу пландалууда.