Кыргызстанда 2024-жылдын 10 айында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 92 миңден ашык жаранды убактылуу жумушка орноштурган, алардын айлык акысына 23,5 миллион сом бөлүнгөн. 12 миң үй-бүлөнү колдоо менен 467 долбоор, ошондой эле калктын аялуу топтору үчүн 157 өзгөчө кырдаалдар долбоору ишке ашырылган. Инфраструктуралык иштерге, жашылдандырууга жана аялдарды кол өнөрчүлүккө үйрөтүүгө басым жасалууда.
Ош облусунун Алай районунда “Эмгектин ордуна продукция” долбоорунун алкагында 1195 жумушсуз жаранды тартуу максатында балык кармоочу көлмөлөр жана көпүрөлөр курулду. Катышуучуларга азык-түлүк жана акчалай жардамдар таратылып, 15 памирлик кыргыздар да тигүүчүлүк жана айдоочулук кесипке үйрөтүштү.
Сокулук районунда министр Бакыт Төрөбаев италиялык технологияны колдонуп, жылына 300 миң түгөй бут кийим чыгарган «Imperial Group» бут кийим фабрикасында болду. Күн батареяларын орнотуу менен кубаттуулукту 1 миллион жупка жеткирүү жана жашыл өндүрүшкө өтүү пландалууда.