
2026-жылы турак жайдын баасы 5–10% га төмөндөшү мүмкүн — адистин пикири
2026-жылы турак жайдын баасы 5–10%га төмөндөшү мүмкүн, деп билдирди мамлекеттик агенттиктин адиси Айдар Сукенбаев. Ал эми бул төмөндөө узак мөөнөттүү болбойт, анткени турак жайга болгон суроо-талап жогору бойдон калууда. Сукенбаев, аймактарды өнүктүрүү маселеси чечилбесе, ички миграциянын агымы токтобой турганын жана бул баалардын кыскарышына тоскоолдук кыларын белгиледи.








