Кыргызстандын Эсеп палатасы Профсоюздар федерациясынын 2013-2022-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгүндө 2 миллиард сомдон ашык каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Текшерүү жерди жана мүлктү мыйзамсыз сатууну көрсөттү, бул профсоюздар жөнүндөгү мыйзамга каршы келет. Башкы прокуратура менен УКМК сатылган тилкелерди кайтаруу иштерин баштады.
Нарын облусунун Кочкор районунда Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу уланып, 35 чакырым жол бүткөрүлдү. Рельс төшөө, суу өткөргүчтөрдү куруу жана табигый тоскоолдуктарды жоюу үчүн бургулоо жана жардыруу иштери жүрүп жатат. 100дөн ашык жумушчуну жана 60 техниканы камтыган долбоор транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана аймактын экономикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Австралияда жаны эмгек мийзамдары кучуно кирип, кызматкерлерге иш убактысынан тышкары жумуш беруучулардын чалууларына жана билдируулоруно зооп бербөө укугу берилди. Бул озгорулер жумуш жана жеке жашоо ортосундагы он салмакты калыбына келтирууго багытталган. Эми кызматкерлер, эгер бул акылга сыярлык талаптарга жоп бербесе, жумуш убактысынан тышкары билдируулорду текшеруудон баш тартышат. Бирок, бульдв мыйзамдар бизнес окуу жайларында талаш-тартыштарды жаратууда.