2024-жылдын 1-августуна карата Кыргызстанда расмий жумушсуздуктун деңгээли 2,1%ды түздү. Катталган жумушсуздардын саны 57,5 миң адамга жетип, бир бош орунга 10 талапкер ат салышууда.
2024-жылдын 1-сентябрына карата Кыргызстанда 205,7 миң адам жалпысынан дээрлик 4 миллиард сомдук пенсиялык топтоолорду пайдаланган. Негизги төлөмдөрдү пенсионерлер, эмигранттар жана мураскорлор алышкан.