2024-жылдын 1-августуна карата Кыргызстанда расмий жумушсуздуктун деңгээли 2,1%ды түздү. Катталган жумушсуздардын саны 57,5 миң адамга жетип, бир бош орунга 10 талапкер ат салышууда.
Жогорку Кеңеш бизнесте аялдарга колдоо көрсөтүүнү жакшыртуу максатында “аялдардын ишкердигине” аныктаманы киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Депутаттар күрөөсүз насыяларды камтыган чараларды сунушташты. Ошондой эле лицензиялануучу ишмердиктин тизмесин кыскартууга багытталган лицензиялык-уруксат берүү тутумун оптималдаштыруу боюнча мыйзам долбоору талкууланды.