Кыргызстанда 2024-жылдын түшүмүн жыйноо иштери аяктап, дандын дүң жыйымы жана түшүмдүүлүгү 30%га өстү. Эң жогорку көрсөткүч Жалал-Абад облусунда катталган. Бирок айдоо аянттары азайгандыктан тамекинин, пахтанын, картошканын түшүмүнүн азайышы байкалууда.
Кыргызстанда дан жана башка айыл чарба есумдуктерунун тушумун жыйноо аяктап, рекорддук тушум алынды. 643,2 миң гектар эгин чабылды, бул 2023-жылга салыштырмалуу 88,8 миң гектарга көп. Буудай, арпа жана жүгөрү дүң жыйымынын олуттуу өсүшүн көрсөтүп, тиешелүүлүгүнө жараша 722,1 миң тоннаны, 638,3 миң тоннаны жана 632,8 миң тоннаны түздү. Айрыкча Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында жогорку көрсөткүчтөр белгиленди.
Чүй районунун Беловодское айылында быйыл түшүмдүүлүгү бир топ жогорулаган кант кызылчасын кабыл алуу кызуу жүрүп жатат. Дыйкандар түшүмдүн 65% тапшырып, рекорддук көрсөткүчтү 140 миң тоннага жеткиришти, бул былтыркы көрсөткүчтөн ашат. Ар кайсы райондордон келген автомашина-лар кун сайын узун кезектерди тузуп, кызылчаны кабыл алуу процесси 20 минутага жакын убакытты талап кылгандай уюштурулган. Ноябрь айынын аягына чейин оруп-жыйноо кампаниясы аяктап, заводдор 120 миң тонна кумшекер өндүрүп, акыркы 40 жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жетиши күтүлүүдө.
Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо 492,5 миң гектарга жетип, былтыркыга салыштырмалуу 93,9 миң гектарга көп. Буудайдын, арпанын, жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү жогорулап, дүң жыйым да өзгөчө Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарында өстү.
18-сентябрга карата Кыргызстанга 6,1 миң тонна фосфат жана калий жер семирткичтери ташылып келинген, бул муктаждыктын 22,6%ын гана түзөт. 2025-жылы 200 миң гектар күздүк дан эгүү үчүн 27,1 миң тонна жер семирткич керектелет, бирок учурдагы резервдер бул деңгээлден бир топ төмөн.
Кыргызстанда күз-кыш мезгили жакшы түшүмдүн жана ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен бекемделген экономикалык байланыштын аркасында туруктуу болорун убада кылууда. Инфляциянын деңгээли басаңдап, азык-түлүк коопсуздугу камсыздалууда. Бийлик айыл чарба кластерлерин жигердүү өнүктүрүүдө, бул аларга эт жана жумуртка өңдүү эң керектүү продукцияга болгон ички керектөөлөрдү жабууга мүмкүндүк берет. Коңшулар менен кызматташуу, анын ичинде пайдалуу соода алмашуу бааларды төмөндөтүүгө жана улуттук валютаны бекемдөөгө жардам берет.