Кыргызстанда дыйкандарга дизель майына талон берилип жатат
Кыргызстанда дыйкандар түшүм жыйноого 65 сомдон дизель майына квота жана талон ала алышат. Айыл чарба министрлиги Мамлекеттик резервдер фонду менен биргеликте айыл чарбаны өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыктары аркылуу дээрлик 3 миллион литр күйүүчү май бөлүштүрүүнү уюштурууда.